Биз менен байланышыңыз

Президент медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 1470 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, амандык, жакшылык жана түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады.

Президенттин айтымында азыркы кыйын учурдун негизги жүгүн дарыгерлер көтөрүп жатат.

— «Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар. Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз! Таза ниет, ак эмгегиңер үчүн терең ыраазылык билдирем. Мээнетиңердин акыбети кайтып, айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө» , — деди президент өз кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы ошондой эле милдетин аткарып жүрүп, каза болгон медиктердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, оорудан каза болгондордун жакындарынын кайгыларын тең бөлүшө турганын билдирди.

Мындан сырткары, президент медиктердин статусун жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргендигин айтып, аларды колдоо жана коргоо ишин уланта турганын билдирди.

— «Пандемия — саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктады. Алардын баарын жоюп, тармакты башкарууну жолго коебуз. Болбосо, улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болоорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз» , -деди президент.

Кайрылуунун аягында мамлекет башчысы медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырып, бизнес социалдык тилектештик көрсөтүп, медиктерибизди колдой турганына ишене тургандыгын билдирип, дары-дармектердин, беткаптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбай турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM