Биз менен байланышыңыз

Пандемия хроникасы: Дүйнөдө 10,5 млн адам коронавируска чалдыкты

SARS-CoV-2 пандемиясы башталгандан бери дүйнөдө коронавируска 10,5 млн адам чалдыкса, алардын ичинен 517 миңи вирустун кесепетинен каза болгон. Ал эми 5,9 млн адам ооруну жеңип, айыгып кетишкен. Бул тууралуу Worldometer эл аралык волонтерлордун тобунун 2-июлга карата берген маалыматында айтылат.

АКШда акыркы маалыматтар боюнча 52 миң адамдын коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул көрсөткүч өлкөдө пандемиянын өсүшүнүн туу чокусу болду деп билдирет Жон Хопкинс университети. АКШда коронавирусту 2,7 млн адам жуктуруп алса, алардын ичинен 128 028 адам өмүрлөрү менен кош айтышкан. Акыркы сутка ичинде 706 адам каза болгон.

Ал эми Бразилияда COVID-19дан акыркы суткада 1016 адам каза болду. Пандемия учурунда жалпы 60 610 адам өлгөн. Өлкө боюнча вирусту жуктуруп агандардын саны 1,5 млндон ашты. Бразилия коронавирустун жайылышы боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Бразилияга кирип-чыгууну чектөө бийлик тарабынан 30 күнгө узартылган.

Германияда коронавируска карата бекер тест тапшыруу идеясын калктын 60 пайыздан ашууну колдойт. Бул адамда коронавирустун белгилери бар же жоктугуна карабай текшерилиши керек деп эсептешет. Бул тууралуу Civey коомдук пикирлер институту сурамжылоо жүргүзгөнүн Augsburger Allgemeine гезити жазып чыкты. Мындай идеяга каршы калктын 31 пайызы каршы чыккан.

Жаңы Зеландиянын Саламаттык сактоо министри Дэвид Кларк коронавируска байланыштуу өкмөттүн аракеттеринен улам жана жеке өзү кетирген катачылыктардан улам отставкага кетип жатканын Reuters агенттиги жазып чыкты. Кларктын айтымында, анын бул кызматта ишин улантканы “Өкмөттү COVID-19 жана глобалдуу пандемия менен күрөшүүдөөн алаксытат”. Премьер-министр Жасинде Ардерн анын отставкасын кабыл алып, арызына кол койду.

Москвада коронавирус жуктурган 39 бейтаптын каза болгондугун “Интерфакс” агенттиги Башкалаадагы абалды көзөмөлдөө жана мониторингдөө боюнча оперативдүү штабынын берген маалыматтарына таянып, жазып чыкты. Маалыматта Орусиянын борбору Москва шаарында  COVID-19дан жалпы 3870 адам кайтыш болгон.

Германияда “ремдесивир” аттуу коронавирус менен күрөшүүчү препараттын жетиштүү деңгээлдеги көлөмү бар. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги АКШда 3 айга жете турган дары-дармек массалык түрдө сатылып кетти деген жаңылыктын негизинде калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында билдирилген.

“Бул препаратты чыгарган Gilead компаниясы Европаны дары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттенме алган”, — деп билдирет Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги. Алар өндүрүүчүлөрдү бардык келишимдерди аткарарына ниеттенишет. Улуу Британия бийлиги да дары-дармектин жетиштүү көлөмү бар деп калк көңүлүн жайгарды.

.

Copyright © 2017 Maral FM