Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине алып келинди

Бүгүн, 1-июлда Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ошол өлкөнүн окуу жайларынан билим алып жаткан студенттер. Алар «Даммам — Бишкек» маршруту боюнча Flynas авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген.

Кайтып келгендердин баары тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM