Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Депутаттар өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдерди кабыл алды

Без рубрики , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 363 | 0

ЖКнын алтынчы чакырылыштагы депутаттары тарабынан өлкө үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынды. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

-Параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт, — деди президент.

Ал бул ойду бышыкташ үчүн Жогорку Кеңештин айрым чечимдерин белгилеп өттү.

  • Шайлоо өнөктүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, сот-укуктук реформасын ишке ашырууга багытталган мыйзамдар парламенттин ушул чакырылышы тарабынан кабыл алынды.
  • Мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөөгө бөгөт коюуну жана коррупциялык укук бузгандарды билдирген адамдарды коргоону көздөгөн мыйзамдар ишке киргизилди.
  • Антикоррупциялык саясаттын негизги куралы болгон өлкөбүздү санариптештирүү иши парламент тарабынан жигердүү колдоо тапты.
  • Көптөн бери ишке ашпай жүргөн «Коопсуз шаар» добоорун баштоого, жөлөкпулдарды тескөөнү санариптештирүүгө багытталган кадамдар жасалды.
  • Коомдо резонанс жараткан, анын ичинде, ири коррупциялык схемалар жөнүндө маанилүү чечимдер кабыл алынды.
  • Сот системасындагы, укук коргоо, бажы жана салык органдарындагы коррупциялык иштер парламент аркылуу ачыкка чыгарылды.

Жээнбеков Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын дагы бир өзгөчөлүгү — бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен интеграциялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин көбү ушул чакырылышта кабыл алынганы экенин белгиледи.

-Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын арттыруу максатын көздөп, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн аймагында өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзамдардын пакети ушул чакырылышта кабыл алынганын белгилеп кетүү абзел, — деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM