Биз менен байланышыңыз

Президент: Кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 1368 | 0

Кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок азырынча андай аракетке барбайбыз. Бул тууралуу  президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 30-июндагы кезексиз жыйынында айтты. Ал өкмөттү жана элди жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

«Комендатуралардын иши токтотулуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген. Алардын аймактык жарандык коргонуунун жетекчиси катары укуктары күчүнө кирген. Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн», — деди өлкө башчы.

Президент ошондой эле айрым аткаминерлердин той-топурларды өткөрүп жатканын чыккынчылык катары баалап, медиктердин аракетине кыянат болуп жатканын айтты. Ушундай массалык чогулуулардын айынан коронавирус жайылып жатканын кошумчалады.

Президент тойлорго расмий түрдө тыюу салууга мезгил жеткенин билдирди.

Жээнбеков парламенттин 30-июндагы кезексиз жыйынында ант берген өкмөт мүчөлөрнө кайрылып, «силер оор кырдаалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка келдиңер. Силердин ишиңер кыска эле мезгилде эл тарабынан сыналат. Ушундайда кимдин-ким экени билинет», -деп билдирди.

Ал айрымдардын «коронавирус жок, бул саясат» деп айтканын сындады. Өкмөттүн негизги милдети элдин саламаттыгын коргоп, бул илдеттен сактап калуу экенин айтты.

«Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү. Ынтымак, биримдик менен кыйынчылыктарды жеңебиз. Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак», — деди Жээнбеков.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кубатбек Боронов баштаган аткаруу бийлигинин мүчөлөрү ант беришти.

Copyright © 2017 Maral FM