Биз менен байланышыңыз

Дене табы 38°Стан ашкандар атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 1108 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин айрым алгоритмдери өзгөрдү. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, эгер жарандын дене табы 38°Стан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЦР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат.

Ошондой эле бир катар медициналык мекемелерде кырдаалга байланыштуу коронавирус менен ооруган бейтаптарга кошумча орундар ачылды.

Өлкөдө өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалганын өкмөттүн малымат кызматы бүгүн, 29-июнда кабарлады.

Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Орундуктардын баары өпкө дарты менен ооругандарды кабыл ала баштады.

Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды.

28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди.

29-июндан баштап №1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM