Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 862 | 0

Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстан боюнча дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын ичинде, Бишкек шаарында  – 138 учур, Чүй облусу — 43, Ош шаарында — 23, Ош облусу — 6, Нарын облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 26,
Ысык-Көл облусу — 16, Талас облусу — 9, Баткен облусунда — 4 учур катталды.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5017ге жетти.

Жаңы катталган 269 учурлардын ичинен – 9у сырттан келгендер (3,3 %), оорулуулар менен байланышта болгондор – 260 адам (96,7 %).

Учурда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 19 606.

Акыркы сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 52 бейтап. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча  – 6 бейтап айыкты,  Чүй облусу – 13, Ош шаары – 21, Ош облусу – 3, Талас облусу – 6, Баткен облусу – 3 киши айыкты.

Республика боюнча коронавирустан 2294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Коронавирустан 50 бейтап каза болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM