Биз менен байланышыңыз

Дагы 235 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 822 | 0

Бүгүн, 28-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Акыркы сутка ичинде 4017 анализге изилдөө жүргүзүлүп, 235 кишиде коронавирус аныкталды. Жаңы катталган 235 учурдун ичинен сырттан келгендер – 5 (2%), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 230 адам (98%).

Жаңы катталган 235 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 107;
Чүй облусу — 43;
Ош шаары — 33;
Ош облусу — 9;
Нарын облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 15;
Ысык-Көл облусу — 14;
Баткен облусу — 13.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 30 бейтап айыгып, үлөрүнө чыгарылды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. ошол эле учурда сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 739 учур катталды, алардын ичинен 420 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча жалпы вирус жуктургандардын саны 4748ге жетти. Алардын ичинен 2242 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM