Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилбейт, бирок көзөмөл күчөйт

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 1432 | 0

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнүн кажети жок. Мындай чечим Республикалык штабдын жыйынында кабыл алынганын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ошол эле учурда бир топ тапшырмалар коюлду:

-мамлекеттик органдарда да коронавирус көп катталып жаткандыктан алар аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүн карашы керек;

-Бишкек, Ош шаардык мэрияларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коомдук жайларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. (базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп чогула турчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү);

-Саламаттыкты сактоо министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштерин системалык түрдө жүргүзүү тапшырылды.

26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 жарандын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкө боюнча 4204 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада коронавирустан 50 бейтап айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны – 2162.

Учурда стационарда – 633 адам дарыланып жатат, алардын 12си жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 1366 адам бар. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 16 миңден ашык.

Коронавирустан каза тапкандардын саны– 43.

Copyright © 2017 Maral FM