Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 250 адам коронавирус илдети менен катталды

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 1041 | 0

Бүгүн, 26-июнга карата Кыргызстанда дагы 250 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кабарлады.

Анын ичинде, Бишкек шаарында  105 адамдан аныкталды. Чүй облусу — 61, Ош шаары- 47, Ош облусу — 19, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 12, Ысык-Көл облусу — 2, Талас облусу — 1, Баткен облусу — 2 учур. Өлкө боюнча 4204 адамга коронавирус жукту.

-Жаңы катталгандардын 247 учуру контакт аркылуу жуктурган (98,8%);

-Сырттан келгендер – 3 (1,2%);

Акыркы суткада коронавирустан 50 бейтап айыкты. Бишкек шаарында – 21, Чүй облусу – 17, Ош облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 10 бейтап айыкты. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны – 2162.

Учурда стационарда – 633 адам дарыланып жатат, анын 12си реанимацияда. Үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткандар – 1366 адам. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 16 миңден ашык.

Коронавирустан каза тапкандардын саны– 43.

 

Copyright © 2017 Maral FM