Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «маалыматты манипуляциялоо» жөнүндө мыйзамды кабыл алды

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 866 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-июндагы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды. Мыйзамга 79 депутат «макул», он депутат  «каршы»  добуш берди.

Эми бул документке президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюусу күтүлүүдө.

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.

Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

Демилгечи депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганын айтып:

-Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок, — деп ишендирди.

Талкуу маалында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Наталья Никитенколор үндөштү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоору өзгөчө оппозицияга керек экенин айтты.

Бүгүн, 25-июнда Бишкекте Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митинге чыгышты. Алар «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашууда.

Мыйзамга добуш берген депутаттардын тизмеси.

 

Copyright © 2017 Maral FM