Connect with us

Бишкекте 118 кызматынын операторлору менен мобилдик топтору көбөйтүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 924 | 0

Бишкекте 118 кызматынын операторлору менен мобилдик топторунун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Учурда Бишкек шаары боюнча колл-борбордун 14 линиясы жана 40 мобилдик топ иштеп жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков аймактарда да 118 кызматынын операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү керектигин белгиледи.

Жарандарда COVID-19дун белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Жарандар адистердин кеңешин ыкчам алуусу кажет. Ошондуктан облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топторун көбөйтүү шарт. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартуу зарыл, — деди Баатырбеков.

Штабдын жыйынында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй менен Ош облустарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу базарлар менен коомдук тамактануучу жайларды жана коомдук транспортту катуу көзөмөлдөө керектиги айтылды.

Бишкек шаарындагы жана өлкө аймактарындагы базарлар мезгил-мезгили менен дезинфекцияланып турат.

Бишкек шаарында ушул аптанын ишемби (түштөн баштап) жана жекшемби (толугу менен) күндөрү коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM