Биз менен байланышыңыз

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам добуш берүүгө жөнөтүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 1180 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору демократияга каршы келет деп атады. Ал мыйзамдын каржы булагы да так көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Финансы министрлигинин өкүлү бул мыйзамга бюджеттен каражат сарпталбай турганын билдирүүдө.

Жээнчороев бул аткарылбай турган документ экенин айтып, мыйзамды ишке ашыра турчу органдар так көрсөтүлбөгөнүн жүйө келтирди.

Талкуу маалында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө»мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Наталья Никитенколор үндөштү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул мыйзам долбоору оппозицияга керек экенин айтты:

Бул мыйзам долбоору керек. Мурда гезиттерге туура эмес маалымат чыкса, жабырлануучу гезитти сотко бергенге укугу болгон. Ар бир адам өзүнүн укугун коргогонго шарт болгон. Бүгүн маалыматтарды интернет булактарынан алып жатышат. Аталган мыйзам долбоору адамдардын укугун ушул жерде коргойт. Интернет булактарынан фейктер бир адамды кылбаган ишин кылды десе, ал өзүн-өзү коргош керек. Оппозицияда жүргөн мекендештерибизге керектүү мыйзам, — дейт Жумабеков.

Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган. Ошондой эле интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

Демилгечи депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жарандарды интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганын айтып:

-Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок, — деп ишендирди.

Ал эми депутаттар Акылбек Жапаров менен Умбетаалы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бардык демократиялык өлкөлөр жалган маалыматтарга каршы күрөшүп жаткандыгын жүйө келтиришти. Мындай пикирди депутаттар Камчыбек Жолдошев, Евгения Строкова жана Абдумажит Юсуров да билдирди.

Бүгүн, 25-июнда Бишкекте Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митингге чыгышты. Жарандык активисттер «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашууда.

Copyright © 2017 Maral FM