Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун Бишкекте тапшырган анализи таза чыкты

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 1669 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты. Мамлекет башчынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошондой эле Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен кайталап тапшырган анализинен коронавирус тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM