Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб карантин киргизүү маселесин бүгүн карайт

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 2502 | 0

Республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, кайрадан карантин киргизүү маселесин бүгүн, 25-июндагы жыйынында карайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда оор кырдаал Бишкек менен Ош шаарларында болууда. Ошол эле маалда, бардык факторлорду эске алуу менен чечим кабыл алыш керек.

«Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат», — деди Каратаев.

Каратаев ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарынан да коронавирус илдети чыгып жаткандыктан Ак үй карантинге жабылабы деген суроого жооп берди:

Бүгүнкү күндө жалаң эле Ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде да илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан, санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Жогорку Кеңеште коронавирустун 6 учуру катталды. Алардын ичинен экөө депутат болсо, төртөө — аппарат кызматкерлери.

Калган депутаттар жана аппарат кызматкерлери ПЦР-тесттен өтүүнү улантышууда.

25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 2112 жаран айыгып, 43 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM