Биз менен байланышыңыз

Антирекорд: Кыргызстанда 228 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 1261 | 0

Бүгүн, 25-июнга карата Кыргызстанда дагы 228 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 113, Чүй облусу — 24, Ош ш. — 32, Ош облусу — 31, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 10, Ысык-Көл облусу — 12, Талас облусу — 3, Баткен облусунда — 2 учур катталды.  Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3954кө жетти.

Акыркы суткада коронавирустан 30 киши айыкты. Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 10,  Ош шаарында – 6, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2,  Жалал-Абад облусунда – 6 киши илдеттен айыкты. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 2112ге жетти.

Каза болгондордун саны 43 киши болду.

Коронавирус жуктурган адамдар менен 16 миң 265 киши байланышта болгон. Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда 635 адам ооруканаларда дарыланууда, анын чинен 42 бейтаптын абалы оор, анын 12си оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

213 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Оорунун белгилери байкалбаган 1164 бейтап үй көзөмөлүнө чыгарылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM