Биз менен байланышыңыз

Парламент интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзамды экинчи окууда карайт

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 704 | 0

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүн күн тартибинде 41 мыйзам долбоору каралат.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. 6-беренесинде интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.

Депутат Гүлшат Асылбаева жасалма аккаунттар жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтып, мындай аккаунттар коронавирус тууралуу калп маалыматтарды да таратып жатканын айтат. Ошондой эле, интернетте өз пикирин айткан жарандар кээде чектен чыгып кетерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталып жатат.

Гүлшат Асылбаеванын Фейсбуктагы баракчасына жазган постуна социалдык тармактын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип, 4 миңден ашык комментарий түшкөн.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу жыйын түз эфирде чагылдырыларын кабарлады.

#Фейки_–#угроза_для_демократии!Facebook, Google и Twitter будут каждый месяц отчитываться о борьбе с ложными новостями….

Опубликовано Гюльшат Асылбаевой Среда, 24 июня 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM