Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза тапкандардын саны 42ге жетти

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 436 | 0

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылы туулган эркек киши коронавирустан каза тапты.

Жалпы каза болгондордун саны 42 кишини түздү.

24-июнга карата 207 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында – 92, Чүй облусунда — 35, Ош шарында — 43, Ош облусунда — 28, Нарын облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 2, Талас облусунда — 1 учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти.

Акыркы суткада коронавирустан 28 бейтап айыкты. Өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 2082 кишини түзүүдө.

Каза болгондордун саны 42ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM