Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Ош облустар аралык ооруканасынан 1972-жылы туулган эркек киши коронавирустан каза тапты.
Жалпы каза болгондордун саны 42 кишини түздү.
24-июнга карата 207 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында – 92, Чүй облусунда — 35, Ош шарында — 43, Ош облусунда — 28, Нарын облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 2, Талас облусунда — 1 учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти.
Акыркы суткада коронавирустан 28 бейтап айыкты. Өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 2082 кишини түзүүдө.
Каза болгондордун саны 42ге жетти.