Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 207 киши коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 1099 | 0

Кыргызстанда 24-июнга карата 207 жарандын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын ичинде Бишкек шаарында — 92, Чүй облусу — 35, Ош ш. — 43, Ош облусу — 28, Нарын облусу — 5, Жалал-Абад облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 2, Талас облусу — 1 учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти.

Акыркы суткада коронавирустан 28 бейтап айыкты. Анын ичинде Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 5, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 2 бейтап айыкты. Өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны учурда 2082 кишини түзүүдө.

Каза болгондордун саны 42ге жетти.

Учурда стационарда – 623 киши дарыланып жатат, анын ичинен 12 жаран реанимацияда. Үй карантининде оорунун белгилери жок жарандардын саны 979.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 15 065.

Copyright © 2017 Maral FM