Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жээнбеков Москвадагы парадга катышат

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 827 | 0

Бүгүн, 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Сооронбай Жээнбеков Москвага Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча барды.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Copyright © 2017 Maral FM