Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши: Райондук сот Атамбаевди 11 жылга камоо өкүмүн чыгарды

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 1804 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди бардык сыйлыктарынан — II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратып, 11 жыл 2 айга камоо чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, Атамбаевдин үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдары, сыйлыктары артка чакыртып алынат.
Сотто судья Эмилбек Каипов төрагалык кылууда.

Бул иште Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдор айыпталууда.

Бүгүнкү жана буга чейин отурумдарга Алмазбек Атамбаев катышкан жок.

Мамлекеттик айыптоочулар тобу буга чейин Алмазбек Атамбаев менен Индира Жолдубаеваны 15 жылга, Раимжанов менен Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор беренелер менен айыпталууда. Аталган иште мурдагы баш прокурорлор — Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен «Манас» аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, октябрь айында сотко өткөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM