Биз менен байланышыңыз

Эл аралык валюта фонду жана Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга жалпы 291,9 млн доллар бөлгөн

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 556 | 0

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын бюджетин колдоого Эл аралык валюта фонду жана Азия өнүктүрүү банкы 291,9 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Жыл аягына чейин бюджетти колдоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан – 100 млн доллар тартуу пландалууда. Учурда донорлор менен сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Бүгүнкү күндө 291,9 млн доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. Анын 241,9 миллиону Эл аралык валюта фондунан, 50 миллиону Азия өнүктүрүү фондунан келди.

Өкмөт тарабынан 1-апрелден 22- июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен 13,9 млрд сом социалдык маанилүү иш-чараларга сарпталган.

Пандемиядан улам, экономиканын бардык негизги секторлорунда  экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы болду жана өлкөнүн бюджетине терс натыйжа берип, салыктын жана башка кирешелердин төмөндөшүнө алып келди. Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан, социалдык төлөмдөр, пенсия, жөлөкпулдар өз убагында төлөнүп берилүүдө, — деп билдирди Бактыгүл Жээнбаева.

Өкмөт эл аралык финансы институттарына жана донор өлкөлөргө үч багыт боюнча – бюджетти колдоо, COVID-19 вирусунун жайылышын бөгөттөө жана экономиканы колдоо үчүн кайрылууга муктаж болду.

Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустан каза болгондордун саны 41ге жетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM