Биз менен байланышыңыз

АКШ жана Орусия курал жарышына чектөө киргизүүнү талкуулашты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 700 | 0

Орусия жана Америка кошмо штаттары Австриянын борбору Венада стратегиялык куралдарды колдонууну чектөө боюнча келишимди кайра карап чыгышты. Сүйлөшүүлөрдү АКШ тараптан Маршал Биллингсли, Орусия тарапты Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков баш болгон компетенттүү адамдар жүргүзүштү. Ал эми Кытай жолугушууга катышуудан бул сапар да баш тарткан. Азырынча сүйлөшүүнүн жыйынтыктары тууралуу малыматтар жок. Маалыматтарга караганда, анын жыйынтыгы кийинки шейшембиде белгилүү болот.

2010-жылы Москвада кол коюлган келишимдин мөөнөтүн узартуу жолугушуунун негизги максаты болуп, алыс аралыкка учучуу өзөктүк ракеталардын санын 1550дөн ашырбоо тууралуу маселелер каралды. 2010-жылдагы келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында аяктайт.

АКШ жана Орусия курал боюна жарышууда Кытай да чоң ылдамдык менен баратканын жашырбайт. Бир канча ирет мындай тариздеги жолугушууларга Кытай чакырылса да, Кытай бийлиги мындан баш тартып келет.

Copyright © 2017 Maral FM