Биз менен байланышыңыз

Президент Догоев менен Исмаиловду кабыл алды

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 926 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда кеңешчиси Дастан Догоев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды.

Жээнбеков Дастан Догоевди Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, өлкөнү санариптештирүүдөгү салымын белгилеп, алган билими келечекте республиканы өнүктүрүүгө иш жүзүндө колдонууда пайдалуу болорунан үмүт артты.

Мындан сырткары, ал улуттук, регионалдык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирген Санарип лидерлердин клубун жетектейт жана санариптештирүүнү мындан ары дагы алдыга жылдыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенет.

Алтынбек Исмаилов санариптештирүү алкагында учурдагы долбоорлордун ишке ашуусу жана алдыдагы пландар жөнүндө маалымат берди. Ал маанилүү багыттардын бири Дата-борборун куруу жана бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү керектигин айтты.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов 18-июнда дайындалган. Ал буга чейин Жогорку технологиялар паркынын башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан 10-июнда кетти. Ал кызматтан кетүүсүнүн себебин Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасында окуй тургандыгы менен түшүндүргөн.

Догоев кызматтан кеткени менен, санариптештирүү маселеси боюнча президенттин кеңешчиси бойдон калат.

Copyright © 2017 Maral FM