Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун I фазасында каралган иштердин 75%ы аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрилигинин инвестициялык долборлорду ишке ашыруу тобунун инженери Султан Сарыбагышев «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында I фазага ылайык, Казарман — Жалал-Абад жолуна 3800 метрлик тунель казуу каралган. Казуу иштери 2021-жылдын сентябрында аякташы күтүлүүдө.
-2021-жылдын аягына чейин долбоордун I жана II фазасы толук бойдон ишке ашырылат. Бул деген Арал — Казарман, Казарман — Жалал-Абад учактоктору. Учурда Азия өнүктүрүү банкынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен III фаза жасалып жатат. Быйыл масштабдуу иштер башталат. 2023-жылы жолдун 408-чакырымга чейинки бөлүгүндө кыймыл башталат. Ал эми 408-430-чакырымга чейинки жолду каржылоо маселеси толук чечиле элек. Аны чечүү аракети жүрүүдө, — дейт Сарыбагышев.
Белгилей кетсек, түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу катары кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы ишти жүргүзүүдө. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.