Биз менен байланышыңыз

Түндүк-Түштүк магистралы: Кочкор-Жумгал жолу башка «колго» өтөт

Саясат , Экономика | 11 Мар 2021 | 5572 | 0

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган магистралдын Эпкин – Баш-Кууганды тилкесин (Кочкор-Жумгал жолу) салуу иши быйыл июнь-июль айларында башталат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган тилкенин жолун салуу үчүн тендерден уткан италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» менен түзүлгөн келишим бир тараптуу токтотулуп, учурда башка компания тандалып жатат.

10-мартта Жумгал районундагы Доскулу айылынын эли көтөрүлүп, жолду бууп салышты. Алар Жумгалдын жолуна каттоого мүмкүн болбой калганын айтышып, асфальт басуу ишин тездетүүнү талап кылышты.

Бишкек-Чаек багытында жүргүнчү ташып иштеген Жумгал районунун тургуну Мырзабек Сатаров жолдун начардыгынан эл бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн жол тосууга аргасыз болгонун айтат.

«Ат баспаган жол менен жүрүп калдык. Таштак, унаанын дөңгөлөгү бат-баттан жарылып турат. Жол такыр эле каралбай, эл да кыйналды. Кыргызстан боюнча биздикиндей жол жок, эгер мүмкүн болсо, алып барып музейге коюп кое тургандай эле акыбалда». 

Буга байланыштуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, жагдай боюнча түшүндүргөндөн кийин буулган жол кайра ачылды.

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов да аталган жолдун курулушун тездетүүнү Өкмөттөн талап кылып, буга чейин жол салуу милдетин алган ишкананы шылуун катары айыптады.

«Италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» эки жылдан бери алгылыктуу иш жасаган жок. Экинчиден, жергиликтүү элди ишке алып, айлыгын бербей кыйнады. Үчүнчүдөн, ушуга байланыштуу Транспорт министринин буга чейинки орун басары пара менен кармалды. Эл жолдун бүтүшүн күтүп турат. Өкмөт көзөмөлгө алып, ыкчам бүтүрбөсө болбойт. Жумгалдыктар да жолду жыргаганынан тоскон жери жок». 

Түндүк-Түштүк магистралындагы Эпкин – Баш-Кууганды тилкесинин 69 чакырым жолун салуу үчүн 2018-жылы Италиянын «Todini Costruzioni Generali Company» компаниясы тендерден утуп алып, Кыргыз Өкмөтү менен 40 миллион 751 миң долларга үч жылдык келишим түзгөн. Ал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланмай болгон.

«2018-жылы 10-ноябрда «Todini Costruzioni Generali Company» ишти баштаган. 2019-2020-жылдар аралыгында курулуш иши болгону 9,5 %га аткарылып, убадаланган убакыттын 70%ы бошко кеткен. Андыктан, Өкмөт 2020-жылдын 1-декабрынан баштап, Азия өнүктүрүү банкынын макулдугу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Азыр италиялык компания менен акыркы эсептешүүлөр, топосъемка иштери жүрүп жатат. Транспорт министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашырууга тартылган жергиликтүү компаниялардын жеке жактардын алдындагы карыздарын жоюу аракети көрүлүп жатат», — дейт министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов.

Кылычбек Досумбетовдун айтымында, азыркы учурда жолду бүткөрүү үчүн жаңы аткаруучу компанияны тандоо жараяны башталды. Ал тездетилип, 2021-жылдын июнь-июль айларында ишти баштоосуна шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, жаңы курулуп жаткан Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык Түндүк-Түштүк жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бул магистраль өлкөнүн эгемендик тарыхындагы эң ири курулуш экени белгиленип жүрөт.

Буга чейин аталган жолдун курулушу 2023-жылы аяктап, пайдаланууга берилери айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM