Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков 24-июнда Москвага барат

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 694 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда Москвага барат. Ал 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, Жээнбеков иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн. Бул иш-чарага бир топ мамлекеттин башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM