Биз менен байланышыңыз

Президент Болот Шердин жакындарына көңүл айтты. Некролог

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 566 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өлкө жетекчилери Жогорку Кеңештин III-V чакырылыштарынын депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтышты.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 21-июнда 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районунун Пушкин айылында туулган. Өзүнүн эмгек жолун Москвада Кесиптик техникалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин 1977-1982-жылдары курулуш, машина куруу ишканаларында иштөөдөн баштаган.

1988-жылы Фрунзедеги Ички иштер министрлигинин атайын милиция орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1991-жылга чейин  Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

1991-жылы жеке фирманын жетекчиси, 1994-жылы Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылдык кенешинин депутаты болгон.

1998-2000-жылдары Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын президенттигине шайланып, улуттук көкбөрү оюнун эл аралык деңгээлге көтөрүүгө салым кошту.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары үчүнчү чакырылыштын депутаты, төраганын орун басары кызматын аткарды. 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланды.

2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Ички иштер министринин милдетин аткаруучусу болгон.

Болот Шер өмүрү жана басып өткөн эмгек жолу — принципиалдуулуктун, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөндүктүн үлгүсү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине, демократиялык баалуулуктардын, улуттук оюндардын жайылышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Болот Эсентаевичтин жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, — деп айтылат кайрылууда.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Сагынбаев Д. К., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Аскаров З.М., Опумбаев О.Н., Тердикбаев Э.Дж., Алымкулов А.Т., Эркебаев А.Э., Тургуналиев Т.Т., Исаков И.И., Каптагаев Э.С., Дүйшебаев К.Д., Бекназаров А.А., Текебаев Ө.Ч., Сариев Т.А., Ибраимова Э.С., Чотонов Д. Ч., Бөрүбаев А.А., Жайнаков А.Ж., Өмүрканов А.Ө., Шадыбеков Д. К., Нарбеков О.Н., Мураталиев М.М., Дуйшебаев Б.Б., ж. б.

Болот Шердин сөөгү 23-июнда, саат 11:00дө Талас облусунун Манас районунун Чон-Капка айылында коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM