Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 205 кишиге коронавирус жукту

Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 1453 | 0

Бүгүн, 22-июнга карата Кыргызстанда дагы 205 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында  – 82, Чүй облусу — 33, Ош шаарында – 25, Ош облусу – 20, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 8, Талас облусу – 19, Нарын облусунда – 6 учур катталды.

Үй карантининде оорунун белгилери жок болгон 724 бейтап бар.

Ошол эле учурда акыркы суткада коронавирустан 10 бейтап  айыкты. Анын ичинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусу – 1, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 6 киши коронавирустан айыкты. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 2021 кишиге жетти.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандарын жалпы саны 3356ны түздү. Каза болгондор — 40 адам.

COVID-19 диагнозу менен 571 бейтап дарыланып жатат, алардын ичинен 11 киши реанимацияда.

Copyright © 2017 Maral FM