Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө биринчи инновациялык мектеп ачылат

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 1268 | 0

2021-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында биринчи инновациялык мектеп ачылат. Бул тууралуу ишкер Нурсултан Кубанов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, объекттин курулуш иштери жайында башталат. Учурда керектүү документтер даярдалып, жер тилкеси алынды. 3 кабаттуу мектеп 600 окуучуга ылайыкталган.

-Окуу акысы карапайым эл көтөрө ала тургандай болот. Бул бизнез-долбоор эмес. Тагыраагы, мектеп коммерциялык мүнөздө эмес, акча табуу максатында иштебейт. Башкысы өзүнүн чыгымдарын жапса болду. Мектепке окуучуларды кадимкидей тандайбыз, эч кандай чектөө жок. Байдын, колунда жоктун балдары деп бөлүнбөйт. 1-11-класска чейин билим берилет, — дейт Кубанов.

Ал белгилегендей, мектепке студенттерди жана мугалимдерди окутуунун натыйжалуулугун көрсөткөн KPI системасы киргизет.

Окуучулар сабактарды тандай алышат. Сабактар ​​сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында дебат форматында болот. Мындан тышкары, окуучу 11-классты аяктаган соң, англис тилинде эркин сүйлөй алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM