Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку Кеңеште дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 743 | 0

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште дезинфекция иштери жүргүлөт. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы кабарлады.

Буга чейин маалым болгондой, коронавирус депутат Бейшенаалы Нурдинов жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан аныкталган. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да коронавирусту жуктуруп алганы тастыкталды.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын 3 кызматкери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмүнүн 14 кызматкеринен коронавирус табылган.  Андан сырткары, жети кызматкердин анализи бүдөмүк чыгып, алар кайра тест тапшырышкан.

Кыргызстанда ушул тапта коронавирус жуктургандар менен 12 миң 205 жаран байланышта болгон, обсервацияда 1471 адам жатат.

Акыркы сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бүгүн, 20-июнга карата коронавирус илдети 192 адамдан аныкталды. Жалпы катталган учур 2981ге жетти. Илдеттен жалпы 1981 жаран айыкты.


COVID-19: Дем алыш күндөрү коомдук транспорттор токтотулат

Copyright © 2017 Maral FM