Биз менен байланышыңыз

20-июнга карата 192 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 20 Июн 2020 | 1030 | 0

Бүгүн, 20-июнга карата коронавирус илдети 192 адамдан аныкталды. Жалпы катталган учур 2981ге жетти. Алардын 546сы медицина кызматкери.

Бишкек шаарында – 94, Чүй облусу — 62, Ош шарын– 16, Ош облусу – 14, Ысык-Көл облусу – 2, Талас облусу – 2, Нарын облусунда– 2 учур. 

Илдеттен 1981 жаран айыкты.

Бир күн ичинде дагы 13 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бишкек шаарында − 7, Чүй облусунда − 5 жана Ош шаарында 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган.

Жалпысынан өлкө боюнча 546 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 382 медкызматкер айыгып, үйүнө чыгарылган.

Коронавирус жуктургандар менен 12 миң 205 жаран байланышта болгон. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 471 адам жатат.

Акыркы сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM