Биз менен байланышыңыз

Аравандын акими менен Жалал-Абаддын мэри коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 565 | 0

Ош  облусуна караштуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

19-июнга карата облуста 12 жаңы учур катталган:

Анын үчөө Кара-Суу районунда (оорулуулар менен байланышта болгон адамдар);

Ноокат районунда 5 учур (бири медициналык кызматкер, төртөө байланышта болгон адамдар);

Кара-Кулжа районунда илдет эки кишиден чыкты (байланышта болгондор);

Араван районунда 2 учур (бири байланышта болгон, бири Орусиядан келип обсервацияда турган).

Аравандын акими коронавирус жуктуруп алганын 18-июнда билген. Бул администрацияда иштегендерден анализ алынды.

Мындан тышкары, 17-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алганы аныкталды. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM