Ош облусуна караштуу Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
19-июнга карата облуста 12 жаңы учур катталган:
Анын үчөө Кара-Суу районунда (оорулуулар менен байланышта болгон адамдар);
Ноокат районунда 5 учур (бири медициналык кызматкер, төртөө байланышта болгон адамдар);
Кара-Кулжа районунда илдет эки кишиден чыкты (байланышта болгондор);
Араван районунда 2 учур (бири байланышта болгон, бири Орусиядан келип обсервацияда турган).
Аравандын акими коронавирус жуктуруп алганын 18-июнда билген. Бул администрацияда иштегендерден анализ алынды.
Мындан тышкары, 17-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алганы аныкталды. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырышты.