Биз менен байланышыңыз

Строкова «Фейсбукту» жамандап, “Одноклассникини” мактады

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 679 | 0

“Фейсбук жана башка социалдык тармактар адамдарды кордоо, айыптоолорго толгон аңга айланып калды. Баса, “Одноклассники” жакшы социалдык тармак”. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын мындай пикири учурда интернетте кызуу талкуу жаратып жатат.

Ал 19-июнда Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угуу учурунда ушундай пикирин билдирди.

-Жеке өзүмдүн дарегиме айтылган каралоолорду айтпасам да, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаганын жокко чыгарган билдирүүсү тууралуу маалымат тарады. Мен бул уюм аркылуу маалымат фейк экенин аныктадым. Азыр фейк аккаунттар менен жан баккандар бул мыйзам кабыл алынса, акча таба албай калабыз деп коркуп жатышса керек, — деди Строкова.

Ошондой эле демилгечи депутат Айнура Осмоновага кайрылып:

-Балким, экөөбүз тең прецедент түзүп, айрым аккаунттарды сотко беришибиз керек. Фейсбук жана башка социалдык тармактар кордоо, айыптоолорго толгон аңга айланып калды. Баса, “Одноклассники” жакшы социалдык тармак. Бул мыйзам долбоорун колдогондорго рахмат, — дейт Евгения Строкова.

Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам талкуу жаратууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM