Биз менен байланышыңыз

Интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам талкуу жаратууда

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 409 | 0
Мыйзамдын демилгечиси депутат Гүлшат Асылбаева

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угуу өттү.

Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. 6-беренесинде интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.

Бул мыйзам долбоору элдин нааразычылыгын жаратты.

Документтин демилгечиси — депутат Гүлшат Асылбаева. Ал жасалма аккаунттар жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтып, мындай аккаунттар коронавирус тууралуу калп маалыматтарды да таратып жатканына тынчсызданды. Ошондой эле, интернетте өз пикирин айткан жарандар кээде чектен чыгып кетерин кошумчалады.

Эгер фейк аккаунтта кайсы бир адам жөнүндө маалыматтар жазылса, ал бул жөнүндө Маданият министрлигине кабарлайт. Эгер чара көрүлбөсө, сотко кайрылат. Бул — жакшы чара. Жасалма аккаунттар бөгөттөлөт. Бул жерде техникалык көйгөйлөр жаралбайт, — деди Асылбаева.

Дагы бир демилгечи депутат Айнура Осмонова «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын айтууда.

Мыйзам долбоорун жазардын алдында мониторинг жүргүзүп, башка мамлекеттердеги кесиптештер менен сүйлөштүк. Анын жыйынтыгында интернетке жалган маалымат жайылткандан тышкары, фейк аккаунттардын социалдык тармактар аркылуу баңгизат тарата турганы, аны ар кандай террористтик уюмдарга таратары белгилүү болду, — деди Осмонова.

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору 2020-жылдын 14-майынан тарта коомдук талкууга чыгарылган.

Талкуу учурунда «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров мыйзам долбоору орусиялык мыйзамдардан көчүрүлүп алынганын сындады. Ал муну шайлоо алдында ЖМКларга болгон басым катары сыпаттады.

-Сиз жасалма аккаунттардын артында турган адамдарды аныктайбыз деп калп айтып жатасыз. Анткени интернет-провайдерлер дагы бул мүмкүн эмес экенин айтышты. Социалдык тармактар аркылуу баңгизаттары сатыларын, ага бөгөт коюшубуз керек деп жатасыз, бирок мыйзамда ал жөнүндө сөз жок. Же сиздин оюңузда Facebookта тыюу салынган заттар ачык сатылабы? Негизи, баңгизаттарын дайыма IP-даректерин алмаштырып турган мессенжерлер аркылуу сатышат. Бирок аларга көзөмөл кылып, аныктоо мүмкүн эмес, — деди Болот Темиров.

Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору жаңылыктарга каршы багытталбаганын, коом менен маалымат мейкиндигинин ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү үчүн керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM