Биз менен байланышыңыз

Президент талаптарды аткарбаган коомдук унааларга чара көрүүнү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 889 | 0

«Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Ал облус жетекчилеринин, район акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эскертти. Коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда эң кооптуу жай экенин айтты.

-Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү, — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертип, айрымдар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Ошондуктан, коомдук жайларда беткап режимин сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда.

Жыйында ошондой эле илдетти жугузуп алуу тобокелдиги чоң болгон кары-картаңдарга кам көрүүнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Президент Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

Copyright © 2017 Maral FM