Биз менен байланышыңыз

Ош: коронавирус катталган үйлөргө жана көчөлөргө эскертүү такталары илинет

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 444 | 0

Ош шаарында коронавируска чалдыккандар жашаган көчө жана үйлөргө «Карантинге жабылган» деген эскертүү такталары илинет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясындагы штаб маалымдады.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-июнда Ош шаарында коронавирус инфекциясынын жайылуусун көзөмөлдөө боюнча мэр Таалайбек Сарыбашевдин катышуусунда жыйын өткөн. Жыйында үй карантинине алынган аймак жана көчөлөргө эскертүү такталарын илүү чечими кабыл алынган. Мындай алгоритм Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган.

Эскертүү тактайларын илүү жана аны көзөмөлдөө иштерин ИИМ жана Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM