Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Мобилдик топтун 4 кызматкери вирус жуктурду

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 252 | 0
Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин коронавирустун алдын алуу боюнча иштеп жаткан мобилдик топтогу 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Мындай маалыматты Бишкектин саламаттыкты сактоо башкармалыгы кабарлады.

Алар:

— Ленин райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун бир лаборанты;

-Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун эки лаборант-дарыгери;

-№8 үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери.

Учурда Бишкекте 20 мобилдик бригада иштеп жатат. Алардын коронавирусту жугузуп алуу кооптуулугу жогору болгон үчүн 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияга алынат.

Коронавирус жуктуп алган 4 кызматкер менен байланышта болгон 17 медкызматкер үй карантинине алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM