Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 95 кишиден коронавирус чыкты

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 675 | 0

Кыргызстанда 18-июнга карата дагы 95 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бишкек шаарында 49, Чүй облусунда 14, Ош шаарында 7, Ош облусунда 7 учур, Жалал-Абад облусунда 6, Нарын облусунда 7, Баткен облусунда 1, Талас облусунда дагы 4 учур катталды. Республика боюнча илдетти жуктургандардын жалпы саны 2657ге жетти.

Ошол эле учурда акыркы суткада 32 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Коронавирустан айыккандардын саны 1933тү түзүүдө.

693 адам дарыланып жатат. Алты киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Каза тапкандар 31 адам.

COVID-19 илдетин ждуктурган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 217. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1569 адам жатат.

Copyright © 2017 Maral FM