Биз менен байланышыңыз

Былтыр 2,5 млрд сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 454 | 0

2019-жылы 2,5 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов мекеменин 2019-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип жатып айтты.

Былтыр Эсеп палатасы  тарабынан 141 аудитордук  иш-чара жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 млрд 523 млн сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын 1 млрд 80 млн сому кайтарылууга тийиш болсо, 415 млн сому (40%) кайтарылды.

Бюджеттин резерви жана жоготуусу – 27 млрд 715 млн сомду түздү. Анын 1 млрд 45 млн сому кайтарылууга тийиш болсо, 661 млн сому кайтарылды.

Натыйжасыз пайдаланылган каражат 2 млрд сом, анын 863 сому (90%) бюджетке кайтарылды;

Коомдук жана башка уюмдардан ашкереленген каржылык мыйзам бузуулары – 544 млн сомду түзүп, ал 100 пайыз кайтарылды.

Эсеп палатасынын төрагасы мыйзам бузуулардын арасында эмгек акыга негизсиз төлөөлөр, курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын  негизсиз керектен чыгаруу сыяктуу мыйзам бузуулар бар экенин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM