Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 90 кишиден коронавирус чыкты

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 470 | 0

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде, 17-июнга карата 90 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бишкек шаарынан 36, Чүй облусунда 29, Ош шаарында 7, Ош облусунда 6 учур, Жалал-Абад облусунда 3 учур, Баткенде 3 учур, Таласта 6 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын жалпы саны 2562ни түзөт.

Коронавирусту 42 киши байланыш аркылуу жугузуп алган. 12 учур сырттан келген жарандардан аныкталды, анын арасында айдоочулар да бар. 36 учурдун кайдан жукканы белгисиз.

Ошол эле учурда акыркы суткада 54 бейтап айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 1901 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM