Биз менен байланышыңыз

Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Бороновду көрсөттү

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 1434 | 0

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү.

Көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов учурдагы шартты эске алганда Мухаммедкалый Абылгазиев туура чечим кабыл алганын айтты. Ошол эле маалда, кырдаалды саясатташтырбай өкмөттүн ишин аксатпай, эң зарыл болгон гана өзгөрүүлөргө баруу керек.

Келе турчу премьер убактылуу премьер болот, бул эл оозунда техникалык премьер деп аталып жүрөт. Бул милдетти азыркы вице-премьер-министрге жүктөө туура болот. Кийин парламенттеги шайлоодон жеңип келген топ, өзүнүн өкмөт башчысын шайлап алат. Биз көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттүк, -деди Иса Өмүркулов.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияда КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар.

Эми өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн талапкерди депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкуулайт.

15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын жазды. Анын отставкасын президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алды. Абылгазиев Байланыш агенттигиндеги радиожыштыктарды сатуудагы коррупциялык иште аты аталып жаткан. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул иш боюнча Абылгазиевдин да жооп берүүсүн талап кылган.

Байланыш агенттигиндеги жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иш боюнча тергөө жүрүүдө. Бул убакытта Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгып турууну туура көргөн.

Вице-премьер министр Кубатбек Боронов Абылгазиев эмгек өргүүсүндө жүргөндө анын милдетин аткаруучу болду.

Өмүр таржымалы

Кубатбек Боронов 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Айыл чарба, курулуш» факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982-1983-жж. – Ош облусунун Алай районунун «Социализм» совхозунун сүт-товардык фермасы, каттоочу;

1983-1985-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1985-1991-жж. – Фрунзе политехникалык институтунда окуган;

1991-1991-жж. – «Фрунзекурулуштун» 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик болуп иштеген;

1992—1996-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген;

1998-2000-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору;

2003–2003-жж.– Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган;

2003-2006-жж. – Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2008-жж. -Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

01.2010-08.2010-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

08.2010-12.2011-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

24.12.2011-20.02.2018 – Өзгөчө кырдаалдар министри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келди.

Copyright © 2017 Maral FM