Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 839 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Мекеменин бир катар жооптуу кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция жана ири көлөмдө уурдоо фактылары сотко чейинки өндүрүш алкагында иликтенип жатат. Анын натыйжасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку жетекчиси Канатбек Абдыкеримов, ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топ түзүп алганы айтылат.

Канатбек Абдыкеримов кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 млрд сомго жеткирген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8%дан 15%га чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “ыраазычылык” катары берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 % жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.

УКМКдан билдиришкендей, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын темир жолдору тармагына алдын ала 22 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Ал 15-июнь күнү жогорудагы көрсөтүлгөн материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

2020-жылдын июнь айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү боюнча 4 адам кармалган. Алар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жана азыркы жооптуу адамдары жана жеке компаниянын өкүлү кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM