Биз менен байланышыңыз

Президент пандемия учурунда иштегендерге акыны убагында төлөөнү тапшырды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 537 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнүн, оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатканын айтты.

Бул экономикалык ишмердиктин 90%дан ашык тармактары ишин жандантып, ошол эле учурда жарандардын санитардык эрежелерди сактабагандыгы менен байланыштуу.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип жатканын маалымдады.

«Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деп айтты мамлекет башчы.

Президент илдет тездик менен жайылып жаткандыктан талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин белгиледи. Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин эскертти.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», — деп белгиледи Жээнбеков.

Өлкө башчы медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM