Биз менен байланышыңыз

ИИМдин кызматкерлерине кошумча акы жакын арада төлөнөт

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 547 | 0

Пандемия учурунда иштеген ички иштер органдарынын кызматкерлерине кошумча төлөмдөр жакын арада төлөнүп берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде, өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлери кызмат орду менен аскердик наамына жараша үч эмгек акы (оклад) өлчөмүндө маяна алышы керек.

Ал эми аскердик кызмат орду менен аскердик наамга жараша бир эмгек акыны ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык акы менен биргеликте алышат. Ушунун негизинде аскердик кызмат орду менен аскердик наамына жараша эки эмгек акы алат.

Бул кепилдик өзгөчө абал режиминде кызмат өтөгөн кызматкерлерге шыктандыруучу акы болуп эсептелип, ал республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен төлөнүп берилет.

Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык,  «аскердик кооптуулук» күжүрмөн даярдыгы баскычына өткөрүлгөн. Ага байланыштуу, өзгөчө абал режиминде ички иштер органдарынын кызматкерлери казармалык абал шартында кызматын өтөштү.

Алардын иштөө убактысын эсепке алуу табели толтурулуп, кошумча акча бөлүп берүү тууралуу толук маалымат Каржы министрлигине жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда өкмөттүн токтом долбоору тиешелүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатат. Жакын арада ички иштер органдарынын өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн кызматкерлерине кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет, — деп билдиришти министрликтен.

Copyright © 2017 Maral FM