Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын мекенге кайтышы: жумушсуздук жана нааразычылык күчөйт

Коом , Саясат | 15 Июн 2020 | 1777 | 0

Бүгүнкү күндө 800 миңдей кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда иштейт. Бирок коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам көптөгөн мигранттар аргасыздан өз мекенине кайтышууда. Ушул жылдын 20-мартынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Орусиядан Кыргызстанга 47 чартердик рейс менен жалпы 10 миңге жакын (9 372) жаран кайтып келди. Ошол эле учурда ушул жылдын биринчи үч айында эмгек мигранттарынын акча которуулары 343 млн долларды түзүп, былтыркы жылга караганда 19%га кыскарган. Өткөн жылы чет өлкөдө эмгектенген кыргыз мигранттары мекенине 2 млрд доллардан ашык суммада акча которгон. Бирок ал жактагы кырдаал кескин өзгөрүп, өзүн жана Кыргызстандагы үй-бүлөсүн, жакындарын каржылаган мигранттардын өздөрүнүн өлкөгө кайтып келиши мүмкүн болуп калды. Мындай абалда мамлекет эмне кылышы керек жана алдыда өлкөнү кандай чакырыктар күтүп турат?

Орусиядан Кыргызстанга кетем деген кыргызстандыктардын санын так айтуу учурда өтө татаал, анткени пандемияга байланыштуу кырдаал күн санап өзгөрүп жатат. Акырындык менен Орусиядагы ишканалар жарым-жартылай иштеп баштагандан тарта, 2-3 айдан бери иши жок отурган мигранттар жумуштарынын башталарын күтүшүүдө. Мындай көрүнүш мекенине кайтууга аргасыз болгондордун санын бир аз болсо да кыскартат. Бирок ага карабастан жалпы «мекенге кайтат элем» дегендердин саны көп бойдон калууда. Ушул учурда мекенге кайтуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылгандардын саны 7 миңден ашты. Алардын басымдуу бөлүгүн кош бойлуу айымдар, жаш балдары бар үй-бүлөлөр, ар түрдүү оору менен жабыркагандар, улгайган жарандар жана студенттер түзөт.

Ошол эле учурда Орусияда активдүү иштеп жүргөн күч- кубаттуу, колунан иш келген жарандардын арасында каттамдар ачылса, мекенге кайтууну каалагандар көп болууда. Анткени алардын жумуштары токтоп, убактылуу ишсиз калып, учурда каражаттык жактан, турак жайдан жана тамак-аш маселеси боюнча ар түрдүү кыйынчылыктарды өткөрүп жатышат.

Учурда Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын туруктуу деп айтканга болбойт. Анткени илдет экономикага, эмгек рыногуна өзгөртүү киргизди. Өзгөрүүлөр өз кезегинде мигранттарды да буйгап өтпөгөндүгүн Орусиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттарын колдоо фондунун жетекчиси Тимур Саралаев:

Пандемия өз таасирин бир топ убакытка чейин тийгизет, бирок ошол эле кезде салыштырмалуу түрдө Кыргызстандын эмгек рыногуна караганда, албетте, Орусияда абал жакшыраак, талаптарга жооп берген квалификациясы бар адамдарга Орусияда жумуш табылат деген ишенимим бар , — деди.

Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары мекенине кайтып келсе, мамлекет эмне кылышы керек?

Мамлекеттин бүгүнкү күндө чет өлкөдөн кайтып келген жарандарын колунан жетелеп, иш таап берүү, жумуш менен камсыз кылуу деген түшүнүгү жок. Ансыз деле Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 94 миңди түзөт. Мындан сырткары, Кыргызстанда карантин учурунда 709 миң киши жумушсуз калды.

Мамлекет завод, фабрика ачып жумушсуздарды иш менен камсыз кыла алабы? Бирок завод, фабрика сала албаса да, аларды ачканга шарт түзүп, инвестор тартып келүүгө аракет кылыш керек. Ошол эле учурда ички инвесторлорду стимулдап, аларга мотивация берип, жол көрсөтүп, жеке секторго шарт түзүп берүү — мамлекеттин жеке милдети жана мүмкүнчүлүгү. Өкмөт эч болбоду дегенде келген мигранттарга туура багыт берип, жетиштүү маалымат менен камсыз кылып туруучу атайын борборлорду түзүшү шарт. Бирок Өкмөттүн бул багытта кандай иш-чараларды алып барып жаткандыгы коомчулукка дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Мамлекет чет өлкөдөн келген мигранттарды иш менен камсыз кыла албаса да, алардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүп, жол көрсөтүүгө милдеттүү экендигин жана мекенине кайтып келүүсүн мамлекет сөзсүз колдоосу зарыл экендигин Агрардык өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет келген мигранттардын ишкердик кылуусуна шарт түзүп, жол көрсөтүп, туура багыт берүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар.

Мекенине кайткан мигранттарды мамлекеттин мойнуна түшкөн жүк катары карасак да болот, ошол эле учурда кайтып келгендер колунан иш келген күч-кубаттуу 25-45 жаштагы эмгекке жөндөмдүү жарандар. Аларды жеке сектор катары кабыл алсак да болот. Жеке секторду мамлекет, стимулдап, мотивациялап, шарт түзүп берип, анын өнүгүүсүнө жардам берсе, келген мигранттар жеке секторго аралашып иштеп кетишет.  Ишкердик жаатында багыт берүүчү «ишкерлерди колдоо борборлорун» ачууда мамлекеттин сөзсүз колдоосу керек болот, — деди Ажыкулов.

Өкмөт жарандарды жумуш менен камсыз кыла албаса, алдыда эмнелер күтүлүшү мүмкүн?

Өкмөт өндүрүш, айыл- чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жарандарды ар түрдүү коомдук жумуштарга тартуу менен жумуш орундарын түзсө, социалдык терс абалдан чыгууга болот. Алардын катарында парктарды тазалоо, ар түрдүү курулуштарды, жолдорду куруу иштерине тартуу да каралып жатат. Эгерде Өкмөт керектүү деңгээлде кам көрүп, сунуш кыла албаса, анда бир топ маселелер жаралат. Ошол эле учурда бир жыл ичинде чет өлкөдөн инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк азаят. Себеби, бүткүл дүйнөдө коронавируска байланыштуу дүйнөлүк кризис пайда болду, мындан сырткары, Кыргызстандагы сот акыйкатсыздыгы да инвесторлордо ишенбөөчүлүктү жаратып келет.

Жумушу жок кишилер митинге чыгып ар түрдүү мыйзам бузууларга барышы мүмкүн эккендигин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Жумуш болбосо кээ бир ар түрдүү кылмыштуулуктарга жол ачылышы мүмкүн. Ошондуктан бул Өкмөт карай турган өтө маанилүү  маселелердин бири болуп саналат. Учурда ишкерлер жаңы иш орундарын камсыздап, жумушту уюштура албайт. Себеби ишкерлик жүргүзүү үчүн талап керек. Бул жерде мамлекет эффективдүү иштеш керек. Эң негизгиси, эл аралык гранттарды, каражаттарды тартып, аларды жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жумшаш керек , — деди  Бекешов.

Жыйынтыгында, чет өлкөдө жүргөн мекендештер Кыргызстанга келип мамлекеттин колдоосу менен ар түрдүү бизнес долбоорлорун ишке ашыра алат, ошол эле учурда мекенине келгенден кийин кыска убакыттан кийин аргасыз кайрадан чет өлкөлөрдөн иш издеп калышы да мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM