Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ-2 объектисин ишке киргизүү боюнча эки вариант сунушталды

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 610 | 0

Бишкектеги Экинчи жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) долбоорун ишке киргизүү боюнча эки вариант сунушталды. Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мекеменин төрагасы Эмил Осмонбетов Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 жана «Ала-Арча» подстанциясына барды.

Анда «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Жолдошбек Ачикеев ЖЭБ-2деги учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, аны калыбына келтирүүнүн жолдору тууралуу айтты. Мисалы, борборду жылытуу режиминде негизги отун катары жаратылыш газын, ал эми резервдик жылытуу катары мазутту колдонсо болот.

Мындан тышкары, ЖЭБ-2де электр жылуулугун бириктирип турган курама циклдеги газ-турбиналык станцияны куруу мүмкүнчүлүгү сунушталды.

Жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында 1986-жылы Фрунзе шаарына жогорку от казан орнотуу жана тышкы инженердик тармактарды куруу үчүн 138,49 га жер бөлүнүп берилген. Анын ичинен 77,1 га туруктуу пайдаланууга берилген. Азыркы учурда ЖЭБ-2нин аянты 62,22 гектар.

Эмил Осмонбетов ЖЭБ-2 долбоору Бишкек үчүн керектүү экенин, анын курулушун тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт Сокулук районунда жайгашкан ЖЭБ-2 объектиси оңдолорун 2019-жылы билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM