Биз менен байланышыңыз

«Курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн шарттары жеңилдейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2020 | 530 | 0

Курулуш менен алектенген жактарга лицензия берүүнүн шарттары жеңилдейт. Ал үчүн атайын программа иштелип жатат. Тийиштүү система июль айынан тарта тесттик режимде иштей баштайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, программа ишке кирсе, лицензияга арыздарды электрондук түрдө кабыл алууга, комиссиянын оперативдүү иштөөсүнө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, курулуш тармагында иштеген адистерге сертификат берүүнүн жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлөт.

Белгилей кетсек, жыл сайын юридикалык жактарга курулуш үчүн 500дөй лицензия берилет. Ошондой эле, курулуш тармагында эмгектенген 1000дей адиске квалификациялык сертификаттар берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM